Алкоголдук ичимдиктердин акциздик салыгы кымбаттады

Иллюстрациялык сүрөт.

Жаңы жылдан тарта алкоголдук ичимдиктердин акциздик салыгы кымбаттады. Мамлекеттик салык кызматы 2026-жылдын 1-январынан тартып арактын акциз салыгынын ставкасы бир литрине 200 сомду түзөрүн эскертти.

Маалыматка ылайык, акциз салыктары 2029-жылдын 1-январына чейин этабы менен жогорулап отурат. Бул Министрлер кабинети былтыр 18-декабрда кабыл алган токтомдун негизинде ишке ашып жатат.

2021-жылга чейин этил спиртине жана алкоголдук продукциялардын айрым түрлөрүнө акциз салыгынын ставкасы бир литрине 100 сом болчу. 2021-жылдын башында 120 сом, 2022-жылы 140 сом, 2023-жылы 160 сом болгон.(ZKo)

Дагы караңыз

Пхукетте кайык кырсыгынан жабыркагандар арасында кыргызстандыктар жок Казакстанда эки миңдей адам абактан мунапыстын негизинде бошотулдуӨзбекстанда мугалим "Мухаммед пайгамбарга акарат келтирди" деген кине менен 12 күнгө камалдыПрезидент Жапаров Бишкекте МИК курган батирлердин чарчы метри 950 доллардан айланганын айтты Назарбаевдин күйөө баласы, ханзааданын сарайы жана коррупциялык схема. Британ журналисттери эмнени тапты?