БШК Жалал-Абадда шайлоону чагылдырууга 16 медианы каттады

Иллюстрациялык сүрөт.\

Жалал-Абад облусундагы №13 аймактык шайлоо округунда өтө турган шайлоону чагылдырууга 16 жалпыга маалымдоочу каражат расмий катталды. Бул чечимди Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 12-январдагы отурумунда кабыл алды.

БШКнын басма сөз кызматы кабарлагандай, анын ичинде 9 телеканал, 3 радио, 3 интернет агенттиги жана 1 басылма (гезит) бар.

БШКнын сайтына талапкерлерге берилүүчү эфир убактысы, ЖМКларга жарыялануучу үгүт материалдарынын көлөмү жана башка укук-милдеттер тууралуу кошумча мааалымат жарыяланат.
Катталган ЖМКлар Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин үгүт материалдарын мыйзам чегинде, так жана бейтарап чагылдырууга милдеттүү.

Жалал-Абад облусундагы №13 округдагы Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо 1-мартка белгиленди. 9-февралда үгүт иштери башталып, 28-февралда токтойт.

Кайра шайлоо өткөрүүгө 18,5 миллион сом кетет. Каражат республикалык бюджеттен алынат.
Аталган округдагы шайлоонун жыйынтыгы 3-декабрда жокко чыккан, Боршайком муну добуш берүүнүн купуялуулугу бузулганы менен негиздеген. 35 добушканада шайлоонун жүрүшүн көзөмөлдөө максатында камералар орнотулганы, үгүтчүлөр ким кандай добуш бергенин байкап турганы ачыкка чыккан. (ZKo)

Дагы караңыз

"Үстүмө он жолу аял алды". Мурдагы депутат зомбулукка айыпталып кармалды Алкоголдук ичимдиктердин акциздик салыгы кымбаттадыПхукетте кайык кырсыгынан жабыркагандар арасында кыргызстандыктар жок Өзбекстанда мугалим "Мухаммед пайгамбарга акарат келтирди" деген кине менен 12 күнгө камалдыПрезидент Жапаров Бишкекте МИК курган батирлердин чарчы метри 950 доллардан айланганын айтты