Сузакта 28 жаштагы келин күйөөсүнүн колунан каза тапты

Иллюстрациялык сүрөт

Жалал-Абад облусундагы Сузак районунда 28 жаштагы келин күйөөсүнүн колунан каза тапканын облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда каргашалуу окуя 3-январда болгон.

Ал күнү Сузак райондук милиция бөлүмүнүн 102 номерине 35 жаштагы тургун чалып, жубайын өлтүрүп алгандыгын билдирген. Маалымат кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси ("Адам өлтүрүү") менен кылмыш иши козголгон.

Окуя болгон жерден далил буюм катары 1 даана ашканада колдонулган бычак алынган. Каза болгон келиндин сөөгүнө соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

️Тергөө амалдарынын жүрүшүндө белгилүү болгондой, маркумдун күйөөсү Д.Я. Орусияда иштеп жүрүп, 2-январда үйүнө кайтып келген. Жубайы менен пикир келишпестиктен улам, бычак менен бир нече жолу көкүрөк тушуна сайып өлтүргөн.

4-январь күнү Сузак райондук соту кылмышка шектүүнү камакка алган.

Тынчтыктын жана аялдар үчүн коопсуздуктун глобалдык индекси (WPS) боюнча, Кыргызстан эки жыл катары менен Борбор Азияда кыз-келиндер үчүн эң кооптуу өлкө деп таанылган. Бул рейтингде 2023-жылы Кыргызстан 177 өлкөнүн арасынан 95-орунду ээлеген. Ал эми 2021-жылы талдоого алынган 170 өлкөнүн ичинен 97-орунга түшкөн.

Кыргызстанда 2025-жылдын 11 айында (январь айынан ноябрь чейин) ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо электрондук журналына 19 миң 995 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2024-жылдын алгачкы 11 айына салыштырганда (2024-жыл 15 миң 675 факты катталган) 27,5% же 4320 фактыга көп. (ZKo)

Дагы караңыз

"Үстүмө он жолу аял алды". Мурдагы депутат зомбулукка айыпталып кармалды Алкоголдук ичимдиктердин акциздик салыгы кымбаттадыПхукетте кайык кырсыгынан жабыркагандар арасында кыргызстандыктар жок Өзбекстанда мугалим "Мухаммед пайгамбарга акарат келтирди" деген кине менен 12 күнгө камалды