Өкмөт BELES автобусунан бирди да алган жок

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ата мекендик өндүрүштөгү BELES аттуу автобусту чыгарам деген ишкер Мирбек Аскалиев өлкө башчысына кайрылды. Ал президенттин “сыноо үчүн 10 автобус алабыз” деген сөзүн мамлекеттик органдар аткарбаганын айтып чыкты. Буга чейин мамлекеттик органдарга кайрылып, убара тартканын билдирди. Завод мындан үч жыл мурун ишке кирип, алгачкы автобусун президентке көрсөткөн эле. Кыргыз өкмөтү азырынча комментарий бере элек.