Армениянын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын элчиси Сергей Копыркинди 12-январда чакырып, "мамлекеттик каналдын программасындагы билдирүүгө" байланыштуу нааразылык нотасын тапшырды. Армян тарап программада айтылгандар катуу кыжырдануу жаратарын билдирген.
Бул тууралуу "Азаттыктын" армян кызматы өлкөнүн Тышкы иштер министрлигине таянуу менен жазды.
Маалыматка караганда, нотада мындай билдирүүлөр Армениянын эгемендигине ыксыз кол салуу катары эсептелери, Армения менен Орусиянын ортосундагы достук мамилелерди буза турганы белгиленген.
Сөз Кремлдин пропагандычысы катары белгилүү болгон теле алып баруучунун "Владимир Соловьёв менен кеч" аттуу автордук программасы тууралуу болуп жатат.
Программанын акыркы чыгарылышында Соловьёв согуш Украинадан тышкары аймактарга да жайылышы мүмкүн экенин айтып, Борбор Азия менен Арменияны атаган.
Ал Венесуэла жана Ирандагы соңку окуялар тууралуу өз пикирин билдирип, Орусиянын “таасир аймагы” тууралуу айткан. Москва үчүн Венесуэла эмес, башка нерсе маанилүү экенин белгилеген.
“Арменияны жоготуу – чындап эбегейсиз көйгөй. Азиядагы, Орто Азиядагы, азыр аны Борбор Азия деп атап жүрүшкөн чөлкөмдөгү кырдаал - биз үчүн өтө чоң маселе болушу мүмкүн. Ошондуктан биз өз максат-милдеттерибизди так аныктап алышыбыз керек. Биз так түшүндүрүшүбүз абзел. Оюн бүттү. Эл аралык укукту, эл аралык тартипти карабайбыз. Эгерде улуттук коопсуздугубуз үчүн Украинанын аймагында атайын аскердик операцияны баштоо зарыл болсо, ошол эле жүйөлөргө таянып, эмне үчүн биз таасир аймагыбыздагы башка очоктордо да атайын аскердик операциябызды баштай албайбыз? Балким, улуттук доктринабызды аныктап, таасир аймагыбыз кайсы экенин ачык айтышыбыз керек. Ошондо баары түшүнүктүү болот”, - деди ал.
Москва Украинага кол салып, согуш баштаганын "атайын операция" деп атайт.
Соловьёв Орусия АКШнын Венесуэладагы аракетинен үлгү алышы керектигин айтып, Вашингтон Николас Мадурону кармап кетүү менен "эл аралык укукту таназарга албады" деп билдирген. Ал коңшу мамлекеттерге жана КМШга кирген өлкөлөрдүн дарегине карата мындай сөздөрдү мурда да айтып келген.
2024-жылдын мартында Арменияда "тынымсыз эреже бузуп жатат" деген негизде "РТР-Планета" каналынын мультиплексинен анын автордук программаларына бөгөт коюлган.
Кремлдин таасирдүү пропагандачысынын айткандарына Борбор Азия мамлекеттеринин жетекчилери реакция жасай элек.