2025-жылы Орусиянын чабуулунан Украинада 2400гө жакын жай тургун каза тапты, 12 минден ашуун адам түрдүү жаракат алды. Бул 2024-жылкы көрсөткүчкө караганда 30% көп. Маалыматты Bloomberg журналы европалык өкмөттөрдүн баяндамасына шилтеме кылып жарыялады.
Басылма маалымдагандай, эки миңден ашуун адам АКШ президенти Дональд Трамп менен Орусиянын лидери Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөшкүп, тынчтык жөнүндө сүйлөшүүнү баштоого келишкенден кийин каза болгон. Май айында орус жана украин делегациялары жолуккандан кийинки бир нече ай ичинде Орусиянын Куралдуу күчтөрү 40тан ашуун сокку жасаган.
Bloomberg ошондой эле 2025-жылдын экинчи жарымында Орусия Украинага орто эсеп менен 5300 учкучсуз учак менен чабуул койгонун, бул мурунку жылга караганда беш эсе көп экенин белгиледи.
Жалпысынан, баяндамада Орусия Украинага кол салган 2022-жылдын 24-февралынан тартып, 15 миң чамалуу украиналык каза тапкан, 40 миңден ашуун адам жаракат алганы жазылган. Каза тапкандардын ичинде 758 бала бар. Басылманын европалык маектештери Путин ири зомбулуктарга даяр экенин көрсөткөнүн, тынчтык сүйлөшүүлөрүнө басым жасоого аракеттенип жатканын белгилешкен.
Bloomberg бул маалыматтар боюнча Кремль эч кандай жооп бербегенин жазды.
Мурдараак Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Украинадагы мониторинг миссиясы 2025-жылы өлкөдө кеминде 2512 жай тургун каза таап, 12142 адам жаракат алганын маалымдаган. Бул 2024-жылдагыдан 31%, 2023-жылдагы көрсөткүчтөн 70% көп.
Bloomberg: 2025-жылы Украинада Орусиянын чабуулунан 2400дөй жаран каза тапты
Дагы караңыз
Шерине