Венесуэланын аскерлери Орусиядан алынган абадан коргонуу системаларын тууралап ишке киргизе албагандыктан, АКШнын аскердик операциясы учурунда өлкөнүн аба мейкиндиги коргоосуз калган. Бул тууралуу The New York Times америкалык расмий адамдарга, эксперттерге жана фото-видео материалдар менен спутниктен тартылган сүрөттөргө таянган иликтөөсүндө жазды.
Басылманын маалыматына караганда, Венесуэла бийлиги Орусиядан С-300 зениттик-ракеталык системаларын жана "Бук" абадан коргонуу системасын алган. Бирок Америка чабуул жасашы мүмкүн деген эскертүүлөр болгонуна карабай, бул системалар радарларга туташтырылган эмес.
NYT булактары зениттик комплекстер бири-бири менен байланышта болбогонун, айрымдары жылдар бою иштетилбей турганын, ал эми айрым компоненттер чабуул маалында кампада сакталганын билдирген. Алардын айтуусуна караганда, мындай абалдын жаралышына көп жылдар бою уланып келген коррупция да себеп болгон.
Андан тышкары, санкциялардан улам Каракас орус системаларынын тетиктерин алууда кыйынчылыктарга кабылган. Басылманын маектештеринин пикиринде, Кремль Вашингтон менен мамилени курчутпоо максатында тетиктерди жаңылоого ашыкпаган болушу мүмкүн. Анткени эгер венесуэлалык аскерлер америкалык учакты атып түшүрүшсө, Орусия олуттуу кесепеттерге туш келмек. Ошол эле учурда операциянын жүрүшүндө жети америкалык аскер жаракат алып, Американын бир тик учагы жабыркаганы айтылат.
NYT белгилегендей, Кремль Украинадагы согуштун айынан Венесуэлага берилген системаларды жаңылай албай калган да болушу ыктымал.
Бир кезде Каракас негизинен АКШнын аскердик техникасына таянып келген. Бирок эки өлкөнүн мамилеси начарлагандан кийин Вашингтон 2006-жылы эмбарго киргизген. Ал эми 2009-жылы ошол кездеги президент Уго Чавес Орусиядан абадан коргонуу техникасын сатып аларын жарыялаган.
Маалыматка караганда, Венесуэла Орусиядан Су-30 учактарын, Т-72 танктарын, С-125 "Нева" жана "Бук-М2Е" зениттик комплекстерин, ошондой эле С-300 системаларын сатып алган.
3-январда Кошмо Штаттар атайын операциянын алкагында Венесуэланын лидери Николас Мадурону кармап, өлкөдөн чыгарып кеткен. Ага Америкада бир нече пункт менен айыптар тагылды. Венесуэланын Ички иштер министрлиги ал операцияда 100 адам каза болгонун билдирген.
АКШ президенти Дональд Трамп Вашингтон Венесуэланы убактылуу башкарууну өз колуна аларын айткан. Латын Америкасындагы бул мамлекеттин убактылуу жетекчиси болуп вице-президент Делси Родригес дайындалган.
Орусия бийлиги Кошмо Штаттардын операциясын айыптаганы менен, Каракаска конкреттүү жардам көрсөткөн эмес.