Харьков: "Новая почта" терминалы талкаланды
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
13-январда эртең менен Украинанын Харьков облусу аткыланганда төрт киши каза тапты, бир нече адам жарадар болду. Маалыматка караганда, орус аскерлеринин чабуулунан "Новая почта" терминалы талкаланды. Өлкөнүн башка аймактары да аткыланды. Суук түшкөндөн бери Орусия Украинанын энергетикалык жайларына соккуларын күчөттү. Киевдин бир топ тургундары беш күндөн бери жылуулуксуз отурат.