Reuters: Кара деңизде казак мунайын күтүп турган танкерлерге дрон менен чабуул жасалды

Иллюстрациялык сүрөт.

13-январда Кара деңизде Каспий куур консорциуму (ККК) жайгашкан аймакта Казакстандан келүүчү мунайды күтүп турган эки танкерге дрон менен чабуул жасалганы кабарланды. Бул тууралуу Reuters агенттиги сегиз булакка таянып билдирди.

Маалыматка караганда, Delta Tankers деген грек компаниясына таандык Delta Harmony танкери "ТеңизШевройл" кенинен чыккан мунайды, ал эми Thenamaris деп аталган дагы бир грек компаниясына тиешелүү "Матильда" танкери Карачаганактан казылган мунайды жүктөп кетиши керек болчу.

"КазМунайГаз" Казакстан мунайын күтүп турган эки танкер чабуулга кабылганын ырастады. Компания учурда келтирилген зыяндын көлөмү эсептелип жатканын билдирди.

Чабуулду ким уюштурганы азырынча белгисиз. Украина да, Орусия да бул окуя боюнча расмий билдирүү жасай элек. ККК да комментарий берген жок.

Thenamaris компаниясы "Матильда" танкерине эки дрон сокку урганын бышыктады.

"Жабыркагандар жок, танкер бир аз зыян тартты. Текшерүүдөн кийин бузулган жерлерин оңдосо болору аныкталды", - деп билдирди компания "Рейтерске".

Узундугу 1500 чакырымга жеткен Каспий куур консорциум аркылуу Европага ташылган мунайдын 80% Казакстанда өндүрүлөт. Былтыр консорциумдун объектилерине бир нече жолу чабуул жасалып, куурдун иши тоскоолдуктарга кабылган.

29-ноябрда Украина деңиз дрондору менен Орусиянын Кара деңиздеги танкерлерине жана мунай инфраструктурасына чабуул койгон. Ошол маалда КККга таандык портко да дрон түшүп, натыйжада мунай айдоочу үч түзүлүштүн бири иштен чыккан.

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Новороссийсктеги ККК инфраструктурасына жасалган чабуулга байланыштуу мурда Украинага нааразылык билдирген. Ага жооп кылып, Украина чабуул Казакстанга же башка үчүнчү өлкөлөргө каршы багытталбаганын, максаты "баскынчынын аракеттерин ооздуктоо" экенин айткан.

Казакстан ККК объектилерине жасалган чабуулдардын айынан 480 миң тонна мунай жоготконун былтыр 11-декабрда өлкөнүн энергетика министри Ерлан Аккенженов билдирген. Анын айтымында, Казакстан КККдан баш тартпайт, анткени учурда бул багытка реалдуу атаандаш жок.

Дагы караңыз

Транспорт министрлиги "Сосновка", "Кара-Көл" бекеттеринен 300 млн сом чогулганын маалымдады Евробиримдик Грузиянын дипломаттары үчүн визасыз режимди токтотууга камынуудаNYT: АКШнын операциясы маалында Венесуэла аскерлери орусиялык ракеталарды колдоно албай коюшкан