2025-жылы Бишкек-Ош жолундагы "Сосновка" жана "Кара-Көл" туннел бекеттеринен өткөн автоунаалардан 300 млн 226 миң сом чогулду. Бул мурунку жылга салыштырмалуу 35.48% көп экенин Транспорт жана байланыш министрлигинин басма сөз кызматы 13-январда билдирди.
Аталган посттордо коррупциянын алдын алуу жана адам факторун жокко чыгаруу максатында мурдараак жолго төлөмдү накталай эмес, терминалдар аркылуу төлөө системасы ишке киргизилген.
"Натыйжада жарандар аталган постто акчалай төлөмдү терминалдарда QR код аркылуу электрондук капчыктардан төлөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту", - деп жазылган маалыматта.
Министрликтин басма сөз кызматы автоунаалар аталган посттордон ыңгайлуу өтүшү үчүн жол тилкелери кеңейтилип, кошумча тилкелер курулганын да маалымдады.
"Сосновка" жана "Кара-Көл" постторунан акча чогултуудагы коррупциялык көрүнүштөр тууралуу маселелер байма-бай көтөрүлүп келет.
Мурунку жылдары Бишкек - Ош автожолу боюнча мамлекеттик дирекциянын жетекчиси баш болгон ондон ашуун адам "масштабдуу коррупциялык схемага" шек саналып кармалган. Алар "Сосновка", "Кара-Көл" бекеттеринен өткөн автоунаалардан мыйзамсыз акча алып турушканын, анын айынан бюджетке 20 млн. сом зыян келгени кабарланган. (ZKo)
Шерине