Манас шаарынын тургуну, 2008-жылы туулган Хасиятхан Абдуллаева 16-декабрь күнү саат 11:00 чамасында үйүнөн паспортун алып чыгып кеткен бойдон дайынсыз экенин айткан жакындары милицияга кайрылган.
Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) маалымат кызматы билдиргендей, учурда кыздын жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыктан, туугандары жана милиция коомчулукка кайрылып, аны табууга көмөктөшүүнү суранууда.
Кыздын бою 155-160 см, өңү кара-тору, кашы-көзү кара, арык чырай.
Кийген кийимдери: кара түстөгү күрмө, көк шым жана кара түстөгү бут кийимчен.
Милиция дайынсыз кандайдыр бир маалымат болсо 102 номуруна жана төмөндө көрсөтүлгөн телефондорго (Тел: 102, (03722) 5 28 31, 0509 40 13 24) билдирүүнү өтүнөт. (ZKo)
Манас шаарында 17 жаштагы кыз бир айдан бери дайынсыз болууда
Дайынсыз болуп жаткан Хасиятхан Абдуллаева. Милиция тараткан сүрөт. Манас. 14-январь, 2026-жыл.