ЖКда манжа изи менен добуш берүү талабын киргизүү бир жылга жылды

Жогорку Кеңештин төрагасы жана анын орун басарлары.

Жогорку Кеңеште депутаттар манжанын изи же адамдын жүзүн тааныган функциясы бар электрондук тутум менен добуш берүү системасын пайдалануунун мөөнөтү 2027-жылдын 1-январына чейин жылдырылды. Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койгонун 14-январда президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Жогорку Кеңештин регламентине ылайык, парламент 2026-жылдан баштап добуш берүүнүн жаңы ыкмасына өтүшү керек болчу. Буга чейин парламентте бул системаны ишке ашыруу боюнча техникалык жактан даярдык иштери жүрүп жатканы айтылган.

Регламент боюнча добуш берүүнүн ачык, бюллетендерди пайдалануу менен жашыруун добуш берүү сыяктуу түрлөрү бар. Депутат кайсы бир маселе боюнча өзү гана добуш бериши керек жана добуш берүү укугун башка депутатка өткөрүүгө тыюу салынат.

Бирок ага карабастан буга чейин эл өкүлдөрү бири-бири үчүн добуш берип койгон учурлар көп болгон.

Кыргызстанда 2025-жылдын 30-ноябрында Жогорку Кеңешке шайлоо өтүп, 29 округдан 87 талапкер парламенттин депутаттыгына шайланды. Ал эми №13 округда өткөн шайлоонун жыйынтыгы мыйзам бузууларга байланыштуу жокко чыгарылып, кайра шайлоо 1-мартка белгиленди.

Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын биринчи жыйыны былтыр 17-декабрда өтүп, жаңы шайланган депутаттар ант берген. (BTo)

Дагы караңыз

Өкмөт былтыр электр энергиясы 900 млн кВт саатка көп колдонулганын билдирдиМаданият министрлиги телеканалдарга кыргыз тили боюнча талапты эскерттиКөчмөндөр оюндарына көкбөрү жана көкпар да киргизилдиМАГАТЭ Борбор Азиядагы уран калдыктарын тазалоо планын 2030-жылга чейин узартат Кулубаев: Украинадагы согушка кеткен жарандардын так саны тууралуу маалымат жок Орусиядан дагы 34 миңдей кыргызстандык чыгарылышы мүмкүнМас айдоочуларга каршы жазаны күчөтүү сунушталдыКайтаруу жана конвой департаментинин башчысы кызматтан алынды