Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Орусияда миграцияда жүрүп, Украинадагы согушка кеткен кыргызстандык жарандардын так саны тууралуу маалыматы жоктугун билдирди. Ал 15-январда маалымат жыйынында согушка кеткен же ал жакта көз жумган кыргызстандыктар тууралуу маалыматтар негизинен туугандары тарабынан түшөрүн айтты.
"Бизде башка өлкөдөгү согушка катышууга тыюу салган мыйзам бар. Ошондуктан, көпчүлүк жарандар согушка катышарын айтышпайт, бирок катышып, ал жакта көз жумгандары бар. Жакындары болсо "миграцига кеткен, башка маалыматым жок" дешет, толук маалымат бере алышпайт. Эгерде ал жакта каза болгону аныкталса, министрлик Украинадагы элчилик аркылуу көмөктөшөбүз. Бирок көпчүлүгү кооптонуп, ачык айтышпайт", - деди министр.
Украинанын мамлекеттик "Хочу найти" долбооруна эле согушта жоголгон жакындарын табууга байланыштуу 150 миңден ашуун кайрылуу түшкөн. Мындан сырткары бул долбоор былтыр ноябрда Украинанын аймагында орус армиясы тарабында согушкан 143 кыргызстандыктын аты-жөнүн чыгарган. Булардан сырткары Орусия "жалдагандар" деген дагы өзүнчө тизме бар. Анда 700гө чукул кыргызстандыктын аты-жөнү көрсөтүлгөн.
Кыргызстандын Кылмыш-жазык кодексинин 256-беренесинде чет өлкөлөрдөгү согуштарга же аскердик чыр-чатактарга чакыруу, уюштуруу, каржылоо, азгыруу же ага жалданма катары катышканы үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган. Муну кыргыз бийлиги буга чейин бир нече жолу билдирип, өз жарандарын башка өлкөдөгү согушка же аскердик конфликттерге катышпоого чакырган. (ZKo)
Шерине