БУУнун Коопсуздук кеңеши АКШнын сунушу менен “Ирандагы кырдаалга айкындык киргизүү үчүн” 15-янврда (Бишкек убактысы менен 16-январь) чукул жыйын өткөргөнү жатат.
Жыйын чогултуу өтүнүчү менен Amnesty International (AI) укук коргоо уюму да кайрылган. Алар “Иранда мындан ары адам өлтүрүүлөрдү алдын алуу зарылдыгын” белгилеп, глобалдык алкакта дипломатиялык чара көрүүгө үндөштү.
Уюм ислам жумуриятындагы абалга арналган баяндамасында текшерилген видеолордон жана ишенимдүү күбөлөрдүн айткандарынан ал жакта сотсуз адам өлтүрүү учурлары мурда болуп көрбөгөндөй кеңири масштабда жайылганын баамдаса болорун белгиледи.
Интернет өчүрүлгөндүктөн жана маалымат алуу чектелгендиктен, нааразылык акцияларында канча киши каза тапканын аныктоо кыйын. 14-январда Норвегияда жайгашкан Iran Human Rights уюму өкмөткө каршы толкундоолор башталган декабрдын этегинен бери жок дегенде 3 миң 428 демонстрант набыт болгонун жана миңдегени жаракат алганын билдирди.
Башка укук коргоочу уюмдар курмандыктардын саны миңдеп саналышы мүмкүн деп эскертишүүдө.