Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:04

HRW казак бийлигин Кытайга каршы акцияга чыккандарды сот жообуна тартпоого үндөдү


Кытайга каршы акция өткөн жер. 13-ноябрь, 2025-жыл
Кытайга каршы акция өткөн жер. 13-ноябрь, 2025-жыл

Human Rights Watch (HRW) эл аралык укук коргоо уюму казак бийлигин «Нагыз Атажурт» уюмунун 18 активистин куугунтуктабоого чакырды. Алар Кытайдын желегин жана ал өлкөнүн жетекчиси Си Цзинпиндин сүрөтүн өрттөгөнү үчүн кылмыш жообуна тартылууда. HRW алар өз пикирин билдиргени үчүн сот жообуна тартылып жатканын белгиледи.

Окуя былтыр ноябрда Алматы облусунун Уйгур районунда болгон. 13 киши камакка алынган, бешөө үй камагында. Аларга улут аралык кастыкты козуткан деген айып тагылууда. Сот жараяны 21-январда башталмакчы.

Эл аралык уюм Казакстандын бийлиги Шинжаңдагы репрессияларга каршы чыккан жоон топту бир иштин алкагында сот жообуна тарткан учурлар буга чейин да болгонун белгиледи. Ошондой эле «Кытайдагы куугунтукка жардам берүүнүн ордуна казак бийлиги Шинжаңдагы адамзатка каршы кылмыштарды токтоттуруу үчүн Бээжинге кысым көрсөтүүгө тийиш», - деп эсептейт.

Сөз болгон акцияга катышкандар этностук казак, чек арадан өткөндөн кийин Кытайда кармалган Алимнур Турганбайды бошотууга үндөшкөн.

Шинжаңда жашаган түрк тилдүү элдер репрессивдүү саясаттын курмандыгы болгонун, кайра тарбиялоо лагерлерине жөнөтүлгөнүн 2017-жылдан бери эл аралык укук коргоо уюмдары, ал жактан келген кайрылмандар айтып жүрүшөт. Расмий Бээжин ал жайларды кесипке үйрөтүү борборлору деп атайт.

Астана негизги экономикалык өнөктөшү жана кредитору болгон Кытайдын дарегине сын айтуудан карманат.


Шерине

 

XS
SM
MD
LG