Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:41

Трамп Иран демонстранттарды өлүм жазасына тартпай турганын айтты


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

NBC News телеканалы Америка Кошмо Штаттарынын президенти Дональд Трамп Иран бийлигинин өкмөткө каршы нааразычык акцияларынын катышуучуларын өлүм жазасына тартуу планы жок экенин билдирди. Дональд Трамп бул тууралуу ишенимдүү булактардан маалымат алганын, эгер демонстранттар өлүм жазасына тартылса Вашингтон Иранга каршы катуу чараларды көрө турганын эскертти.

АКШ жана адам укуктары боюнча уюмдардын маалыматына ылайык, Иран 14-январда биринчилерден кылып нааразылык акциясынын катышуучусу 26 жаштагы Эрфан Солтанини өлүм жазасына тартууну көздөп жаткан.

Укук коргоочулар Иранда бийликтин элдик толкундоолорду күч менен басуу аракети учурунда кеминде 2500 көп киши каза болгонун билдирип жатышат.

Иранда элдик толкундоолор 2025-жылдын 28-декабрында башталган. Башында нааразы тарап экономикалык кризиске - риалдын кескин арзандашына, инфляциянын өсүшүнө байланыштуу талаптарды айтып чыккан. Интернет өчкөнгө чейин 120дай шаарга жайылган толкундоолордо кийинчерээк бийликке каршы ураандар жаңырып, 1979-жылы Ислам революциясында тактан оодарылган монархияны калыбына келтирүү талабы да коюла баштаган. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG