Кыргызстандын президентинин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов орусиялык журналист Владимир Соловьевдин Борбор Азия тууралуу айткандарына комментарий берди. 14-январда ал "бийликтен расмий жооп болобу?" деп сурап жаткан журналисттерге, коомчулукка жообун Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирди. Анда ал Соловьевдин сөздөрүн этибарга албоого чакырып, сандырак сөздөрүнүн бири деп атады:
"Муну орусиялык журналист – алып баруучунун ондогон сааттап ар кайсыл темада сүйлөгөн эфиринин жүрүшүндөгү ара-чолодо айтылган сандырак сөздөрүнүн бири деп эле кабыл алыш керек", - деп жазды.
Алагөзов Орусия менен Кыргызстанда гана эмес, Борбор Азия өлкөлөрүндө эки жана көп тараптуу алака эң жогорку деңгээлде жолго коюлганын белгилеп, КМШ, ЕАЭБ, ШКУ өңдүү уюмдардын алкагында кызматташып келе жатышканын да белгилеген. Владимир Соловьев мамлекеттик телеканалда иштегенин, анын сөзүндө "элдин кастыгын козутуучу түшүнүксүз билдирүүлөрү достук мамиледеги мамлекеттердин жарандарында түшүнбөстүк жаратып, ага карата кескин чараларды көрүүнү талап кылып жатканын эске алуу менен, Соловьевдун жетекчилиги аны тартипке салат деп ишенебиз" деп кошумчалаган.
Кремлдин таасирдүү пропагандачысы деп таанылган Владимир Соловьёв согуш Украинадан тышкары аймактарга да жайылышы мүмкүн экенин айтып, Борбор Азия менен Арменияны атаган. Чөлкөмдүн мамлекеттеринин бийликтери азырынча Соловьевдун сөзүнө расмий комментарий берише элек. Бирок коомчулукта анын сөзүн көз карандысыз өлкөлөрдүн эгемендигине шек келтирген билдирүү катары айыптаган талкуулар жүрүүдө.
12-январда Армениянын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын элчиси Сергей Копыркинди чакырып, "мамлекеттик каналдын программасындагы билдирүүгө" байланыштуу нааразылык нотасын тапшырды. Расмий Ереван программада айтылгандар катуу кыжырдануу жаратарын билдирген.
Кыргызстанда, Казакстанда Кремлдин пропагандачысынын айткандары кызуу талкууланып, сынга алынган. Соцтармактардын колдонуучулары арасында кыргыз бийлигине Соловьевди "нон-грата персонасы" деп жарыялоо, орус элчисин чакырып нота тапшыруу тууралуу чакырыктар айтылган. (ZKo)
Шерине