Орусия шаршембиге караган түнү Украинанын Кривой Рог шаарына сокку уруп, ызгаарда 45 миң абонентти жарыксыз, 700дөн ашуун үйдү жылуулуксуз калтырды.
Кривой Рогдун коргоо кеңешинин башчысы Александр Вилкул орус армиясынын стратегиялык объектиге соккусунан кийин электр энергиясын авариялык өчүрүүлөр болгонун айтты. Түнү бою калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп, 14-январда түшкө жуук суукта калган элге жылуулук менен электр жарыгы кайра берилгени кабарланды.
Орусиянын Ростов облусунда украиналык дрондордун чабуулунда бир киши өлүп, төртөө жараат алганын, анын бири төрт жашар бала экенин аймактын губернатору Юрий Слюсарь билдирди.
Анын айтымында, жабыркагандар Ростов шаарынын жана Мясников районунун жашоочулары. Баары ооруканага жеткирилген, абалдары орто оор. Каза тапкан кишинин сөөгү дрон тийгени айтылган үйдүн уранды алдынан табылган.
Слюсарь билдиргендей, чабуулдан кийин Ростовдун батыш өнөр жай зонасында өндүрүш жана кампалар күйүп кеткен.
Орус Коргоо министрлиги 13-январь саат 20.00дөн баштап 14-январь саат 9:00гө чейинки аралыкта украиналык 64 дронду атып түшүргөнүн, анын 27си Ростов облусунун аймагында жок кылынганын билдирди.
Орусиянын Украинага "атайын аскердик операция" деп атаган негизсиз кол салуусуна 2026-жылдын 22-февралында туура төрт жылдын жүзү болот. Бул мезгил аралыгында Украинада миңдеген киши бейажал өлүм тапты, миңдегени майып, качкын болуп, үй-жайсыз калды.
Москванын согушуна жооп иретинде Украина Орусиянын армиясын каржылоо булагы деп эсептелген мунай заводдорун маал-маалы менен бутага алып келет.
Шерине