АКШ санкция тизмесине Ирандын беш аткаминерин киргизди

Али Ларижани, Ирандын Коопсуздук боюнча жогорку кеңешинин катчысы

АКШ Ирандын беш аткаминерин нааразылык акциялары күч менен басылышына тиешеси бар деген негизде санкция тизмесине киргизди. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын Финансы министрлиги маалымдады.

"Кара тизмеге" Ирандын Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңешинин катчысы Али Ларижани, полициянын төрт аймактык башчысы жана Ислам революциясынын сакчылар корпусунун Лорестан жана Фарс провинцияларындагы күчтөрүнүн командирлери кирди.

Финансы министрлигинен маалымдашкандай, Ларижани Ирандагы нааразылык акцияларына жооп чараларды координациялоого жооптуу, ал тынч митингдерди күч менен басууга ачык чакырган. Ал эми санкцияга илинген командирлер, АКШнын эсебинде, митингдин катышуучуларын кыйнап, өлтүрүшкөн.

"Митингдер башталган декабрь айынан бери Ирандын коопсуздук күчтөрү анын катышуучуларын кадимки октор менен аткылап, эркиндигин жана өмүрүн алышты", - деп жазылган билдирүүдө.

АКШнын санкциясына ошондой эле Фардис түрмөсү да кабылды, Мамдепартамент ал жакта аялдар "ырайымсыз" кыйноого кабылышканын билдирген.

Булардан тышкары бир нече уюм жана адамдар Ирандын мунайын чет өлкөлөргө сатууда "көмүскө банкинг" колдонууга айыпталып, санкциялык тизмеге киргизилди.

28-декабрда Тегеранда башталган нааразылык акциялары 187 шаарда өтүп, Ирандын бардык провинцияларын каптады. Нааразычылыкка чыккандар алгач экономикалык кризиске байланыштуу талаптарды коюшкан. Кийинчерээк бийликке каршы лозунгдар, Ислам революциясы 1979-жылы кулаткан монархияны калыбына келтирүүгө чакырыктар кошулган.

BBC News күбөлөргө шилтеме кылып кабарлагандай, Иранда интернет өчүрүлгөндөн кийин коопсуздук күчтөрү жана Ислам революциясынын сакчылар корпусу демонстранттарга ок ачкан.

Human Rights Activist News Agency (HRANA) укук коргоо уюмунун 15-январга карата маалыматы боюнча, Иранда каза болгон демонстранттар саны 2400гө жетти, алардын 12си балдар.

Дагы караңыз

Бишкекте тез татым жайынан шаурма жеген 23 адам ууландыАКШда кыргыз элчиси визалык жаңы чектөөлөр боюнча сүйлөшүү өткөрдүБУУнун Коопсуздук кеңеши Ирандагы абалды чукул жыйында талкуулайтHRW казак бийлигин Кытайга каршы акцияга чыккандарды сот жообуна тартпоого үндөдүБишкекте негизги аянттарда митинг өткөрүүгө салынган тыюу төртүнчү жыл катары менен узартылды