Рамзан Кадыровдун уулу жол кырсыгына кабылганы кабарланды

Адам Кадыров. Архив сүрөт.

Чеченстандын башчысынын уулу Адам Кадыров жол кырсыгына кабылып, Москвага жеткирилгенин бир катар маалымат булактары кабарлашты. Кырсык борбор калаа Грозныйда 16-январда болгону, республика башчысы Рамзан Кадыровдун уулунан башка да бир нече киши жараат алганы, алар кортеж болуп өтө катуу ылдамдыкта баратып, 18 жаштагы Адам айдаган унаа тосмону сүзгөнү маалымдалды.

Соңку кабарларда айтылгандай, ооруканага эс-учун жоготкон, оор абалда түшкөн Адам Кадыров эсине келди, дарыгерлер анын өмүрүнө коркунуч жок экенин билдирип жатышат.

Кырсыктан жараат алгандардын баарын адегенде Грозныйдагы республикалык ооруканага жаткырышкан, канча киши экени, алардын жарааты тууралуу так маалымат жок.

Адам Кадыров 15 жашында абакта жаткан кишиге зомбулук көрсөткөн окуядан кийин кеңири таанымал болгон. Атасы Рамзан Кадыров Telegram каналына окуянын видеосун жарыялаган, кийин ал уулуна Чеченстандын баатыры деген наам ыйгарып, ошол адамды "өлтүрүп койсо деле жакшы болмогун" айткан. Ага Чеченстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы, Ички иштер министрлигинин куратору деген кызматтар берилген.

Эки жыл мурда "Проект" басылмасы Кадыровдор Чеченстанда бийликке ФСБнын жана кылмыштуу топтун ортомчулугу менен келгенин иликтеп чыккан. Иликтөө “Киши өлтүрүүлөр, жашы жете электердин гареми жана Рамзан Кадыровдун мураскорлорунун сыры” деп аталат. (RK)

Дагы караңыз

УКМК курал сатып алууда келтирилген 2,7 млн евро чыгым кайтарылганын билдирдиМыйзамсыз алынып келген машинелерди каттоо мүмкүнчүлүгү берилбейтУланбек Эгизбаев атындагы журналисттик сыйлыкка сынак жарыяландыСот бийликти басып алууга айыпталган саясатчыларды камакта калтырды