Украин делегациясы согушту токтотуу планын талкуулоо үчүн АКШга барды

Кирилл Буданов. Архив сүрөт.

Украинанын расмий делегациясы согушту токтотуу маселесин талкуулоо алкагында кезектеги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн 17-январда АКШга барды.

Жолугушуу Майамиде өтөрү, делегация курамында президенттик администрациянын башчысы Кирилл Буданов, Улуттук коопсуздук жана коргоо кеңешинин катчысы Рустем Умеров жана "Слуга народу" парламенттик фракциясынын башчысы Давид Арахамия бар экени маалымдалды.

Украин тарап билдиргендей, сүйлөшүүлөрдө негизги көңүл Украинанын коопсуздугунун кепилдиктери жана экономикалык өнүгүүсүнүн келечеги маселесине бурулат.

Орусия 2022-жылдын февралында баштаган согушту токтотууга АКШ ортомчулук аракетин көрүп жатканына бир нече апта болуп калды. Украинанын НАТОго мүчө болуусу жана Орусия анын айрым жерлерин өзүнө каратып алгысы келгени тууралуу эң негизги суроолордо Москва менен Киевдин позициясы ар башка.

Кремль койгон талаптарды Украина капитуляция болууга барабар деп эсептейт.

Тынчтык планын сунуштаган АКШ президенти Дональд Трамп жакында украин лидери Владимир Зеленскийди маселенин чечилишин создуктуруп жатат деп айыптаган. Ал эми украин президенти Москвага басымды күчөтүү керек экенин айтып келет. Ошону менен катар Зеленский Украинанын коопсуздугуна кепилдик тууралуу АКШ менен түзүлүп жаткан эки тараптуу документ даяр болуп калганын айткан.

Майамидеги сүйлөшүүлөргө орус тарап катышпайт, жакын арада америкалык делегация кайрадан Москвага барары маалымдалган. (RK)

Дагы караңыз

Кыргыз жарандарын Түркияда акысыз дарылатуу иши жанданатОшто 17 магнитти жутуп алган эки жашар балага операция жасалдыТой-топур үчүн насыя алууга тыюу салуу сунушталдыИран: Каза болгондор жана кармалгандар миңдеп саналат, бийликтин көзөмөлү күчөөдө