Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаманеи өлкөдөгү каршылык акцияларда миңдей адам набыт болгонун биринчи жолу ачык бышыктады. Ошол эле маалда буга байланыштуу АКШ менен Израилди күнөөлөдү.
Хаманеи ишемби күнү мамлекеттик телеканалдарга көчөгө чыккандар имараттарды өрттөп, коомдук менчикти кыйратып, баш аламандык уюштурду деп айтты.
“Израил менен АКШ менен байланышы барлар олуттуу зыян келтиришти жана бир канча миң адамды өлтүрүштү. Биз АКШнын президентин иран элине каршы каралоого, зыянга жана курмандыктарга (жооптуу) кылмышкер деп эсептейбиз”,-деген Хаманеи.
Анын алдында АКШнын президенти Дональд Трамп ирандагы демонстранттарды каршылык акцияларды уланта берүүгө чакырган жана өлкө бийлиги аларга каршы күч колдонуп, жазалаганга өтсө Вашингтон аскердик кийлигишүүгө чейин барышы мүмкүн экенин эскерткен.
Иранда, 17-январга карата маалыматтарга караганда, айрым жерлерде коопсуздук чаралары күчөтүлгөн бойдон турат, интернет байланышы дагы деле жок, эки аптадан ашуун убакыт уланган, миңдеген адамдын өмүрү кыйылганы айтылып жаткан нааразылык акциялары бийликтин катуу күч колдонуусунан кийин басаңдап калды.
Норвегияда жайгашкан ирандык укук коргоо уюмдарынын маалыматында курмандыктар миңдеп саналат.
28-декабрда алгач экономикалык каатчылыкка каршы чыккан демонстрацияларда бара-бара саясий талаптар, Ирандын азыркы бийлигинин кетишин, Пехлевинин кайтышын талап кылган ураандар айтылган.
Өлкө бийлиги митингдер тышкы кийлигишүүнүн натыйжасында тутанды деген жүйө келтирген.