Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:46

Трамп Гренландиядан улам Европадагы бир катар өлкөлөргө кошумча бажы төлөм киргизди


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

АКШнын президенти Дональд Трамп Кошмо Штаттарына товар жөнөткөн бир катар мамлекеттерге 1-февралдан тартып кошумча бажы төлөм киргизилгенин билдирди. Ал мындай чара Вашингтон “Гренландияны толугу менен биротоло алуу тууралуу келишимге” жетмейинче уланарын айтты.

Трамп өзүнүн Truth Social социалдык тармагына Дания, Норвегия, Швеция, Франция, Германия, Нидерланддар, Финляндия жана Британия өңдүү мамлекеттердин АКШга экспортогон бардык товарларына 10% кошумча төлөм киргизилерин жазды. Ошондой эле ушул жылдын июнь айынан тартып 25% болуп көбөйөрүн билдирди.

“Кытай менен Орусия Гренландияны ээлегеси келип жатат. Дания эч нерсе кыла албай. Азыркы күндө коргонуу үчүн алардын иттерге чегерилген эки гана чанасы бар, анын бирөө дагы жакында эле пайда болду. Дональд Трамптын жетекчилиги астында Америка Кошмо Штаттары бул оюнду болгондо дагы ийгиликтүү ойной алат. Бул ыйык бир үзүм жерге эч ким тие албайт, айрыкча сөз АКШнын жана бүтүндөй дүйнөнүн коопсуздугу тууралуу болуп жатканда”,-деп жазды Трамп.

Гренландия менен Дания бул арал сатылбай турганын такай билдирип келишет. Ишемби күнү Гренландияда жана Даниянын бир катар шаарларында Трамптын планына каршы нааразылык акциялар өттү.

Аптанын бейшемби күнү айрым европалык өлкөлөр аталган аралган азыноолак аскер жөнөткөн жана аскердик пландын андан аркы чоо-жайы тууралуу азырынча маалымат бериле элек.

Буга чейин Европадагы алдыңкы мамлекеттердин лидерлери НАТОнун ичиндеги АКШнын баскынчылыгы Вашингтон жетектеген бул аскердик альянстын кыйрашы болуп каларын эскертишкен.

Трамп экинчи жолу президент болуп келгенден бери Гренландияны керек болсо күч менен аларын айтып келет.

Аралда 57 миң калк жашайт жана ал Дания падышчалыгынын бир бөлүгү болуп келгени менен гренландиялыктар ички маселелерин өздөрү тескейт.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG