Зеленский түнкү чабуулдарда кеминде эки адам набыт болгонун билдирди

Украинанын президенти Владимир Зеленский жекшембиге караган түнү Орусиянын чабуулдарында бери дегенде эки адам мерт болуп, ондогон киши жараат алганын билдирди. Ал Телеграм каналына жалпысынын 200дөн ашык дрон менен Сумы, Харьков, Днепропетровск, Запорожье, Хмельницк жана Одесса облустары бутага алынганын жазды.

“Ондогон адам, анын ичинде бир бала жараат алды. Азыркы убактарга карата эки адам мерт болгону белгилүү. Алардын туугандарына жана жакындарына көңүл айтам”, - деп жазды Зеленский.

Украин президентинин сөзүнө караганда, бул аптада Орусия Украинага 1300дөн ашык дрон, миңден көп башкарылган авиабомба жана ар кандай типтеги 30 чакты ракета менен аткылады. Ошондуктан анын өлкөсү көбүрөөк коргоого, айрыкча абадан коргонуу системасына муктаж болуп жатканын белгилеп, Орусия сүйлөшүү жараянын атайлап чоюп жатса ага чечкиндүү жооп болушу керектигин, “агрессорго” басым күчөтүлүшү зарылдыгын айтты.

Орусия соңку чабуул тууралуу комментарий берген жок.

Согуш маалында бул маалыматтарды бейтарап булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

Дагы караңыз

“Аалам стройго” ири өлчөмдө айып пул салынып, курулушу токтотулдуРамзан Кадыров уулу катышкан жыйын тууралуу видео жарыялады Өкмөт "Манас" аба майданына чейин кошумча жол куруу долбоорун даярдады Ирандын жогорку лидери каршылык акцияларда миңдей адам мерт болгонун ачык ырастадыТрамп Гренландиядан улам Европадагы бир катар өлкөлөргө кошумча бажы төлөм киргизди