Милиция кичинекей бала сабалган тасма Казакстанда тартылганын билдирди

Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы (ШИИБ) белгисиз аял кичинекей баланы сабап, тепкилеп жаткан окуя Казакстандын Жетысу аймагында болгонун маалымдады.

ШИИБдин басма сөз кызматы социалдык тармактарга түрдүү контент коюуда тактыкты жана коомчулукту дүрбөлөңгө салуучу маалыматтарды жарыялоодон алыс болууну эскертти.

Милициянын маалыматына ылайык, аталган тасма мурдараак Телеграм каналдардын биринде: “Нерви жукаларга көрүүгө болбойт, баланы ырайымсыз сабаган окуя Жетысу облусунда болгон” деген билдирүүсү менен жарыяланган.

Акыркы күндөрү социалдык тармактарда кичинекей баланы белгисиз аял сабап, тепкилеп жатканы тартылган тасма тараган. Анда аял бала шымын булгап койгонуна жинденип, сабап жатканын көрүүгө болот. Интернет колдонуучулар балага ырайымсыз мамилеси үчүн аялды таап, жазага тартууну талап кылышкан.

Кыргызстанда да кичинекей балдар ата-энеси же башка жакындары, айрым учурларда тарбиячысы жана мугалими тарабынан сабалганы тартылган тасмалар көп жарыяланып келет.

Декабрдын башында Чүй милициясы күйөөсүнө өчөшүп, тогуз жана жети жаштагы балдарын сабаган келинди кармаган. Өткөн аптада сабак учурунда окуучуга кол көтөргөн мугалимдин окуясы соцтармакка тарагандан кийин, мугалим иштен алынган.

Кыргызстанда 2025-жылдын 11 айында (январь айынан ноябрь чейин) ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо электрондук журналына 19 миң 995 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2024-жылдын алгачкы 11 айына салыштырганда (2024-жыл 15 миң 675 факты катталган) 27,5% же 4320 фактыга көп. (ZKo)

Дагы караңыз

"Манас" аэропортунда тумандан улам төрт учак каттамы токтотулдуДекларация: мамлекеттик кызматтагы расмий миллиардерлерБишкектеги ыш: БУУнун жабдыгы индекс өтө кооптуу чекке же 748ге жеткенин көрсөтүүдө Зеленский түнкү чабуулдарда кеминде эки адам набыт болгонун билдирди“Аалам стройго” ири өлчөмдө айып пул салынып, курулушу токтотулду