Орусия Одессада көп кабаттуу үйгө, газ түзүмдөрүнө сокку урду

Одессанын чабуулга туш болгон аймагы.

Украинадагы Одесса облусунун аскердик администрация башчысы Олег Кипер учкучсуз учактардын чабуулунан бир адам жаракат алып, турак жай, энергетикалык жана газ инфратүзүмдөрү жабыркаганын билдирди.

Одесса районунда учкучсуз учак кабаттуу үйгө тийген. Эки батир, үйдүн алды, терезелер жана жакын токтотулган унаага зыян келтирилген. Кипер мындан тышкары стратегиялык маанилүү объект да дрон чабуулуна кабылганын кошумчалады.

Орусиянын аскерлери 19-январга караган түнү Украинага 145 учкучсуз учак менен чабуул коюшканын, анын 126сы жок кылынганын Украинанын Куралдуу күчтөрү билдирди.

"13 дрон 12 бутага тийген, ал эми беш бутага дрон сыныктары түшкөн", - деп жазылган билдирүүдө.

Орусия чабуул тууралуу маалымат бере элек.

Орусия Украинага кол салган 2022-жылдын 24-февралынан бери тараптар бири-бирин эл жашаган конуштарды аткылоого айыптап келишет. Маалыматтарды согуш учурунда бейтарап булактардан тактоо мүмкүн эмес.

Украин президенти Владимир Зеленский өткөн аптада Орусия Украинага 1300дөн ашык дрон, миңден көп башкарылган авиабомба жана ар кандай типтеги 30 чакты ракета менен аткылаганын билдирген. Зеленский буга байланыштуу өлкөсү көбүрөөк коргоого, айрыкча абадан коргонуу системасына муктаж болуп жатканын белгилеген.

Дагы караңыз

Ооганстан-Пакистан чыңалуусу Бээжинге кандай таасир этет? Милиция кичинекей бала сабалган тасма Казакстанда тартылганын билдирдиЭмгек министрлиги Кыргызстанда 5,5 миң бош жумуш орду бар экенин маалымдадыИран: Толкуп-тозгон элдин ишенген лидери жокпу?Декларация: Шаирбек Ташиев бир жылда 12,6 млрд сомдук мүлкүн каттады