Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги ушул тапта Кыргызстанда 5 547 бош жумуш орду бар экенин билдирди. Бул тууралуу маалыматты мекеме 19-январда жарыялады.
Кесиптер боюнча 1296 иш орду бар. Анын ичинде мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жана мектептердин тарбиячылары – 350, медициналык кызматкерлер (дарыгерлер, медайымдар, фармацевттер, санитарлар) – 320, кассирлер – 151, сатуу агенттери – 63, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер – 36, менеджерлер – 95, бухгалтерлер – 150, юристтер – 24, экономисттер – 40 орунду түзөт.
Мындан сырткары администратор орундарына 96 киши, стажерлукка 185 талап кылынат.
Жумушчу кесиптер боюнча 4 251 кызмат орду бар. Анын ичинде 253 компьютердик адистер, 420 ашпозчу, 400 соода агенти, 1 850 тигүүчү, 150 ширетүүчү, 373 курулуш тармагындагы кызматкерлер (айдоочу, механик, ширетүүчү, жыгач уста, токарь, слесарь, бетон куюучу ж.б.), 1 000 айдоочу, 178 тейлөө тармагынын кызматкерлери (чач тарач, маникюр чебери, официант, косметолог, курьер, ашпозчу, кондитер, наабайчы ж.б.) керек.
Эмгек министрлиги Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянуу менен орточо айлыктар тармактарга жараша 24 миң сомдон 67 миң сомго чейин жетерин маалымдады.
Жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кененирээк маалыматты министрликтин аймактык иш менен камсыз кылуу кызматтарынан алууга болот.
Министрлик тактагандай, учурда республика боюнча расмий жумушсуздуктун деңгээли 1,3%ды түзөт. Иш менен камсыз кылуу кызматтарында каттоодо турган жумушсуз жарандардын саны 56,5 миң адамга жетет, алардын ичинен 38,1 миңи расмий түрдө жумушсуз катары катталган. 2025-жылы иш менен камсыз кылуу кызматтарынын көмөгү менен 17 454 жаран жумушка орноштурулган.
Мунун алдында бийликке жакын маалымат каражаттарынын кээ бир өкүлдөрү Орусиядагы мигранттарды мекенге кайтууга чакырып, Кыргызстанда иш орундары көп экенин, жумушчу жетишпей Индиянын, Пакистандын, Бангладештин, Өзбекстандын, Тажикистандын жарандары тартылып жатканын белгилешкен. (ErN)
Шерине