Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети 18-январга караган түнү Ооганстан тараптан чек араны бузуп кирген төрт согушкер жок кылынганын билдирди.
Расмий маалыматка ылайык, 18-январга караган түнү саат 00:30 чамасында белгисиз куралчан топ тажик-ооган чек арасын Шамсиддин-Шохин районундагы "Хирманжо" чек ара бекетине жакын, №151/2 чек ара бөлүгүнүн аймагынан мыйзамсыз өткөн. Алар Ооганстандын Бадахшан провинциясындагы Дарбандак айылынан киргени айтылат.
Коопсуздук кызматтары ыкчам издөө иштеринин жүрүшүндө топтун жайгашкан жерин аныктаган. Куралчандар багынып берүү талабына баш ийбей, ок чыгарган. Натыйжада атышуу болуп, төртөө тең жок кылынган.
Окуя болгон жерден үч даана Калашников автоматы, чет өлкөдө жасалган бир мылтык, алты ок салгыч, 183 даана ок, үч уюлдук телефон, рация жана кайык алынган.
Чек ара кызматы мамлекеттик чек арадагы абал толук көзөмөлдө экенин билдирип, өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн болгон күч жана каражат колдонуларын эскертти.
Бул факт боюнча терроризм, мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү жана курал-жаракты мыйзамсыз жүгүртүү беренелери боюнча кылмыш иши козголду.
Окуя Ооганстан менен чектеш аймактардагы коопсуздук маселесинен улам, Тажикстан бийлигинин тынчсыздануусу күчөп турган маалда катталды.
Былтыр ноябрь айында Тажикстанда кытай жарандарына кол салуу болуп, курулуш жана инфраструктуралык объектилерде иштеген бир нече кытайлык жумушчулар мерт кеткен. Бул расмий Дүйшөмбүнүн жана Бээжиндин кабатырлыгын жаратып, биргелешкен долбоорлордун коопсуздугун күчөтүлгөн.
Тажикстандын Ооганстан менен жалпы чек арасы 1300 чакырым, анын басымдуу бөлүгү тоолуу жана татаал аймактардан өтөт.
Тажикстан Ооганстандан кирген төрт согушкер жок кылынганын билдирди
Тажикстан менен Ооганстандын чек арасы. Иллюстрациялык сүрөт.