Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги жарандардын насыя тарыхы тууралуу маалыматтарды сактоо мөөнөтүн кыскартууну сунуштап жатат. Аталган министрлик "Насыялар маалыматын алмашуу жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун парламентке жолдогон.
Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү комитети 19-январда мыйзам долбоорун 1-окууда талкуулады.
Сунушталып жаткан мыйзам долбооруна ылайык, позитивдүү, убагында төлөгөн насыя ээлери тууралуу маалымат жети жылдан беш жылга, тескерисинче насыя төлөмүн кечиктирген насыя ээлери тууралуу маалымат беш жылдан үч жылга кыскартылат. Ал эми 10 миң сомго чейинки суммадагы насыя боюнча терс маалыматтар бир жыл ичинде гана сакталат. Мындан тышкары ишмердүүлүгүн токтоткон, жоюлган уюмдардын насыялары боюнча маалыматын сактоо беш жылдан эки жылга чейин кыскартылат.
Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова мыйзамдагы мындай жеңилдетүүлөр "кара тизмедеги" насыя алуучулар үчүн ыңгайлуу шарт түзөрүн, жеке жарандар жана ишкерлер үчүн насыя алуу жеңил болорун айтты.
"Насыя тарыхы таза болбогон ишкерлерге насыя алуусундагы банк тарабынан болгон тоскоолдуктар алардын микрофинансылык жана расмий эмес карыз булактарына кайрылууга мажбур кылууда", - деген Нурланова сунушталып жаткан мыйзам жергиликтүү ишкерлерди колдоо жана көмүскө насыянын деңгээлин төмөндөтүүгө багытталганын кошумчалады.
Депутат Марлен Маматалиев тарыхы бир жыл гана сакталуучу насыянын көлөмүн 100 миң сомго чейин көтөрүүнү сунуштады. Депутат учурда жарандар керектөөлөрү үчүн кеминде 100 миң сом алууга мажбур болорун белгилеп, банктар болбогон сумма үчүн "кара тизмеге" киргизип, кийинки насыяларга тоскоолдук жаратарын билдирди.
Улуттук банктын өкүлү депутаттарга билдиргендей, азыркы мыйзамдарда насыя төлөмүн 90 күндөн кечиктирген жарандардын насыя тарыхы таза болбойт.
Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү комитети 19-январда мыйзам долбоорунун концепциясын көпчүлүк добуш менен колдоп, кийинки окууларга чейин өзгөртүүлөрдү толуктап келүүнү тапшырды.
Улуттук банктын маалыматына караганда, 2025-жылы Кыргызстанда керектөөчү насыя алгандар мурунку жылкыдан 93% өстү.
Маалыматка караганда, 2025-жылдын октябрь айына карата өлкөдө керектөөчү насыя кредиттин башка түрлөрүнө караганда суммасы жагынан 1-орунда турат. Ага ылайык, ушул тапта кредиторлордун колунда 227 млрд сомдой каражат бар.(ZKo/KbA)
Шерине