Гренландия: НАТОдогу өнөктөштөргө ишенебиз

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

АКШнын президенти Дональд Трамп Даниянын автономдуу аймагы – Гренландияны алуу аракетин улантууда. Копенгаген жана Нууктагы бийлик аралдын сатылбасын, анын тагдырын АКШ чечпей турганын билдирип, "Орусия же Кытай тараптан коркунуч туулуп жатат" деген сөздөрдү четке кагууда. Европалык лидерлер Гренландияга колдоо болоорун кайталап, Вашингтондун аракеттери НАТОнун бөлүнүп-жарылуусуна жеткирерин эскертүүдө.