21-январда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Баткен облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт. Күндүз Баткен облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт, дыйканчылык аймактарында жана калган аймактарда жаан-чачын жаабайт.
Айрым жерлерде туман түшөт. Жолдор тонголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -9…-14, күндүз 0…-5
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -8…-13, күндүз -3…+2
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…5
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз -1…+4
Нарын облусунда түнкүсүн -18…-23, күндүз -6…-11
Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -9…-11°, күндүз 0…-2° суук болот.