Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:30

2025-жылы Кыргызстанда 8 миңден ашык жол кырсыгы катталды


Кыргызстандагы жол кырсыктарынын бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы жол кырсыктарынын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

2025-жылы Кыргызстанда 8 миңден ашык жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын (ЖКККБ) жыл жыйынтыктоочу жыйынында маалым болду.

Жол кырсыктарынын басымдуу бөлүгү айдоочунун ылдамдыкты ашыргандыгынан, жол тилкесинде туура эмес манёвр жасагандыктан, каршы тилкеге чыгып озуп кеткендиктен, транспорт каражатын мас абалында айдагандыктан, жол кесилишинде бири-бирин өткөрбөгөндүктөн, жол белгилерине баш ийбегендиктен, аралыкты сактабагандыктан келип чыккан.

Ыкчам кеңешменин жүрүшүндө жол унаа кырсыктарын алдын алуу боюнча иш-чараларды күчөтүү керектиги айтылды.

Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматта кырсыктардан бир жылда канча адам каза болуп, канчасы жабыркаганы жазылган эмес.

Мурдараак 11 айдын эсебинде 7 790 жол кырсыгы катталып, андан 795 адам набыт кетип, 11 миң 210 киши жаракат алганы кабарланган.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда 2024-жылы 7 102 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 743 адам каза болгон. Ал жылы 10 миң 479 адам ар түрдүү жаракат алган. (ErN)

Шерине

 

XS
SM
MD
LG