Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:24

Бишкекте хоккей боюнча дүйнө чемпионаты (U-20) өтүүдө, Кыргызстан курамасы алдыда


Кыргызстандын хоккей боюнча жаштар курама командасы. Бишкек. Январь, 2026-жыл.
Кыргызстандын хоккей боюнча жаштар курама командасы. Бишкек. Январь, 2026-жыл.

Кыргызстандын хоккей боюнча жаштар курама командасы (U-20) Бишкекте өтүп жаткан дүйнөлүк чемпионатта катары менен экинчи жеңишине жетишти. Бул тууралуу Хоккей федерациясы маалымдады.

Үчүнчү дивизиондун (В тайпасы) командалары арасындагы турнир ушул күндөрү Бишкек шаарында өтүп жатат.

19-январда “Nomad Arena” муз аянтчасында экинчи турдун беттештери өтүп, кыргызстандык хоккейчилер Түштүк Африка Республикасынан (ТАР) келген курама команда менен ойноду. Атаандашын жеңип, дагы 3 упайга ээ болду. Буга чейин биринчи турда кыргызстандыктар Гонконгдун курама командасын утуп алышкан.

Үчүнчү турдун беттештери 21-январда өтөт. Анда Кыргызстандын курамасы Ирандын курама командасына каршы ойнойт.

Экинчи турдун жыйынтыгында Кыргызстан Түштүк Африка Республикасын 7:2 эсебинде жеңди.

20 жашка (U20) чейинки спортсмендер арасында хоккей боюнча дүйнө чемпионаты Бишкекте 18-январда башталган. Анда Кыргызстан, Мексика, Люксембург, Түштүк Африка, Иран жана Гонконг (Кытай) курама командалары күч сынашууда.

Турнир 24-январда аяктайт. (ZKo)



Шерине

 

XS
SM
MD
LG