Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:14

Болгариянын президенти Румен Радев кызматтан кетерин жарыялады


Румен Радев
Румен Радев

Болгариянын президенти, Украинадагы согуш боюнча орусиячыл көз карашы менен белгилүү Румен Радев кызматтан кетерин жарыялады. Талдоочулар ал премьер-министрликке аракет кылуу үчүн ушундай кадамга барган болушу мүмкүн экенин белгилеп жатышат.

Элге жасаган кайрылуусунда Радев бул анын "президент катары жасаган акыркы кайрылуусу" экенин айтып, вице-президент Илияна Йотова аны татыктуу алмаштыра аларын белгилеген.

Радевдин президенттик мөөнөтү 2027-жылдын январына чейин созулмак. Анын отставкасы жакында өтө турган парламенттик шайлоого катышуу үчүн өзүнүн саясий партиясын түзүшү мүмкүн деген божомолдорду жаратты.

Болгарияда негизги аткаруу бийлиги премьер-министрдин колунда, президент символикалык жана протоколдук милдеттерди аткарат.

Reuters Болгария акыркы төрт жыл ичинде сегизинчи парламенттик шайлоого жакындап калганын жазды. Парламенттеги чачыранды фракциялардан улам туруктуу көпчүлүк же ишенимдүү коалиция түзүлө албай келген.

Акыркы коалиция дээрлик бир жыл иштеп, жаңы бюджетке каршы нааразылык акциялары жана кеңири жайылган коррупция тууралуу айыптоолордон кийин декабрда кызматтан кеткен. Жаңы шайлоо жакынкы айларда өтүшү күтүлүүдө.

Аба күчтөрүнүн мурдагы колбашчысы Румен Радев бир жыл мурда Мюнхендеги коопсуздук конференциясында сүйлөп жатканда Украина аймагынын айрым бөлүгүнөн баш тартса "эгемен, демократиялык жана эркин өлкө" боло аларын каңкуулаган "Киссинжер планы" тууралуу кеп козгоп, кремлчил саясатчы экенин айгинелеген.

2023-жылдын март айында Евробиримдиктин саммитинде Украинага 1 миллион снаряд сатып алуу маселеси каралып жатканда Радев Болгариянын бул демилгеге кошулушуна макулдук берген эмес. Ошондой эле болгар ок-дарыларын үчүнчү өлкөлөр аркылуу Украинага жеткирүүгө каршы чыккан.


Шерине

 

XS
SM
MD
LG