Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:57

Reuters: Орусиянын мунайдан жана газдан кирешеси 46 пайызга кыскарат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Reuters агенттигинин маалыматына ылайык, январь айынын жыйынтыгы боюнча Орусиянын бюджетине мунайдан жана газдан түшкөн киреше 420 млрд рублди түзүп, былтыркы жылдын ушул айына салыштырмалуу 46 пайызга азаят.

Агенттик белгилегендей, бул көрсөткүч 2020-жылдын август айынан берки эң төмөнкү деңгээл. Ал учурда коронавирус пандемиясына байланыштуу күйүүчү майга болгон суроо-талап кескин төмөндөгөн. Учурда мунай-газ кирешеси Орусиянын бюджетине түшкөн жалпы каражаттын болжол менен төрттөн бирин түзүп, негизги каржылоо булактарынын бири болуп саналат.

Reuters жарыялаган эсептөөлөр Орусиядагы мунай жана газ өндүрүү, аларды кайра иштетүү, ошондой эле ички жана тышкы рынокко жеткирүү боюнча маалыматтарга негизделгенин «Настоящее Время» жазды.

Кирешенин төмөндөшүнө негизги себептердин бири — орус мунайынын арзандашы. Маалыматка ылайык, декабрь айында мунайдын баасы 2024-жылдын декабрына салыштырмалуу 53 пайызга түшүп, бир баррели 3073 рублге жеткен.

Орусиянын бийлиги да мунайдан түшкөн кирешенин азайганын моюнга алган. Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, декабрь айында бул көрсөткүч 447,8 млрд рублди түзгөн. Бул 2024-жылдагы 790,2 млрд рублге караганда кыйла төмөн.

1-февралдан тартып Евробиримдик орус мунайы үчүн белгиленген баа чегин баррели үчүн 47,6 доллардан 44,1 долларга чейин төмөндөтөт. Батыш мамлекеттери бул чараны Орусиянын Украинага каршы кеңири масштабдагы согушуна байланыштуу киргизген. Алгач, 2022-жылдын декабрында баа чеги баррели үчүн 60 доллар деңгээлинде белгиленип, 2025-жылдын сентябрында 47,6 долларга чейин түшүрүлгөн.

Орусиянын бюджетинин абалына көз салып жүргөн экономист Янис Клүге жакында эле орус экономикасына санкциялар олуттуу таасир тийгизип жатканын жазган.

"Санкциялар залакасын тийгизүүдө: Орусия мунайдан жана газдан түшкөн айлык салык кирешеси боюнча согуш башталгандан берки эң начар көрсөткүчтөрдү каттады (ИДПга салыштырмалуу). Номиналдык мааниде мындан да начар көрсөткүч болгону 2023-жылдын январында гана катталган. Декабрь айындагы мунайдан жана газдан түшкөн жалпы киреше болгону 447,8 млрд рублди түздү. G7 өлкөлөрүнүн «Роснефть» жана «Лукойл» компанияларына карата акыркы санкциялары, ошондой эле Трамптын Индияга карата тарифтик басымы орус мунайынын экспортунун кыйынчылыктарга туш болушуна алып келүүдө", - деп жазды Клуге.


Шерине

XS
SM
MD
LG