Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:30

Карачи: Cоода борборундагы өрттөн 20дай киши каза тапты, 60тан көбү дайынсыз


Карачидеги өрттөн кийин. 19-январь 2026-жыл
Карачидеги өрттөн кийин. 19-январь 2026-жыл

Карачидеги соода борборунда тутанган өрттөн кийин 60 кишинин дайыны табылбай жатканын Пакистан бийлиги дүйшөмбүдө билдирди. 17-январда бир миң 200 дүкөн жайгашкан "Гүл Плаза" ири борборунда болгон кырсык кеминде 21 кишинин, арасында бир баланын өмүрүн алганы расмий кабарланган.

Маалыматка караганда, биринчи кабаттагы өрт тууралуу кабар саат 22.38де түшкөн, бирок өрт өчүрүүчүлөр барганда тилсиз жоо жогору жактарга жайылган.

Түнү бою чукул кызматтар аман калгандарды издеп жатты.

19-январда куткаруучулар жана өрт өчүрүүчүлөр ал жерди күйгөн калдыктардан тазалоо иштерин улантты. Жүздөгөн киши өрттөнгөн имараттын жанында дайынсыз болуп жаткан жакындары тууралуу жаңылык алууга аракеттеништи.

Каза тапкандардын тек жайы ДНК анализинен аныкталмакчы.

Карачи орун алган Синдх провинциясынын министри Мурад Али Шахтын айтымында, 80 киши жаракат алды, 22си ооруканадан чыгарылды.

Жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлагандай, жекшембиде калаанын мэри Муртаза Вахаб трагедия болгон жерге барганда чогулгандар өкмөткө каршы ураан чакырып, өрт өчүрүүчүлөрдүн жай иштегенине нааразылык билдирди.

Өрттүн себеби белгисиз. Версиялардын бирине ылайык, кырсык электр зымындагы мандемден улам болгон.


Шерине

 

XS
SM
MD
LG