Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:36

HRANA: Иранда 3300дөн ашуун адам каза тапты


Ирандагы демонстрациялардын биринде. Январь, 2026-жыл.
Ирандагы демонстрациялардын биринде. Январь, 2026-жыл.

Ирандагы каршылык акцияларда мерт кеткендердин саны 3308 адамга жеткенин АКШда жайгашкан HRANA укук коргоо уюму билдирди.

Маалыматка караганда, булардын ичинен 3097 адам нааразылык акцияларынын катышуучулары, 166 адам аскер жана күч кызматкерлери. Уюм ошондой эле дагы акцияларга катышпаган 23 адамдын өлүмүн тактаган. Өлгөндөрдүн 22си жашы жете электер. 2100 адам оор жаракат алган. Уюм 24 миңден ашуун адам кармалганын да билдирүүдө.

Норвегияда жайгашкан Iran Human Rights уюму толкундоолордун кеминде 3428 катышуучусу набыт болгонун маалымдады.

Активисттердин түрдүү топтору каршылык акциялардын мерт кеткендердин саны дагы көп экенин билдиришүүдө. Укук коргоочу уюмдар да көрсөткүчтөр көп болушу ыктымалдыгын эскертип, Иранда интернеттин өчүрүлүшү маалыматтарды тактоодо кыйынчылык жаратып жатканын эскертти.
Буга чейин Ирандын жогорку лидери, аятолла Али Хаманеи өлкөдөгү каршылык акцияларда миңдей адам набыт болгонун ачык айткан.

28-декабрда алгач экономикалык каатчылыкка каршы чыккан демонстрацияларда бара-бара саясий талаптар, Ирандын азыркы бийлигинин кетишин, Пехлевинин кайтышын талап кылган ураандар айтылган.

Өлкө бийлиги митингдер тышкы кийлигишүүнүн натыйжасында тутанды деген жүйө келтирген.


Шерине

XS
SM
MD
LG