УКМК улут аралык кастыкты козутуучу пост жазган жаранга эскертүү берди

Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) социалдык тармактарда улуттар аралык кастыкты козутууга багытталган постторду жарыялаган 37 жаштагы З.Д.А. аттуу жаранга эскертүү бергенин билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматы 20-январда тараткан маалыматка ылайык, аны менен түшүндүрүү жана алдын алуу максатында сүйлөшүү жүргүзүлдү. Натыйжада ал бул постторду мас абалында жарыялаганын айтып, мындан ары жаман кесепеттерге алып келүүчү аракеттерди жасабай турганын билдирген.

Коопсуздук кызматы З.Д.A.нын жарыялаган постторуна тиешелүү экспертизалар дайындалганын, алардын жыйынтыгы боюнча мыйзам чегинде кошумча чаралар көрүлөрүн маалымдады.

УКМК улуттар аралык, аймактар аралык жана расалар аралык кастыкты козутуу, анын ичинде социалдык медиа аркылуу жасалган аракеттер да кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертти.

Соцтармактардагы маалыматтарга караганда, шектүү жаран өзүнүн Инстаграм баракчасы аркылуу улут аралык кастыкты козутуучу чакырыктарды жарыялаган. (ZKo)

Дагы караңыз

Депутат Талиева өкмөттө гендердик теңчилик сакталбай жатканын сындадыКыргызстандын криптовалюта мыйзамына “мамлекеттик майнинг” түшүнүгү киргизилдиЧатыр-Көл кинотеатрынын имараты Бишкек мэриясына өткөрүлөтТокаев Казакстан бир палаталуу парламентке өтөрүн жарыялады Молдова КМШ курамынан чыгуу жараянын баштады