Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:59

Депутат Талиева өкмөттө гендердик теңчилик сакталбай жатканын сындады


Камила Талиева.
Камила Талиева.

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу комитети 20-январдагы отурумунда “Гендердик теңчилик боюнча мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун 2-окууда карады. Отурумда баяндама жасаган депутат, мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири Камила Талиева Кыргызстан Гендердик теңчилик боюнча эл аралык конвенцияга кошулганы менен иш жүзүндө милдетин аткарбай жатат деп сындады.

Талиеванын маалыматына караганда, ушул тапта Министрлер кабинетине караштуу 22 министрдин бирөө гана аял, калганы эркек.

"22 министрдин ичинен бир гана аял болчу, жакында дагы бир аял кошулду, бирок ал азырынча милдетин аткаруучу гана. Бул мыйзамдын талабы. Чет өлкөлөргө чыкканда биздин өкмөт мүчөлөрү "Эл аралык конвенцияны кабыл алдык, бизде гендердик теңчилик" деп мактанып жатат. Бирок иш жүзүндө ал сакталган жок да. Министрлердин 76 орун басары болсо, 13ү гана аял экен, бул 17% гана. Облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрдө аялдар жок, акимдердин арасында аялдар жок, акимдердин 79 орун басарынын 28и аял. Акимдердин, губернаторлордун социалдык маселелер боюнча орун басарлары жалаң аялдар эле. Социалдык тармакты тейлеген вице-премьер-министрлер да аял болчу. Ошол кызматтардын баары алынып калды. Мэрлердин 48 орун басарынын ону гана аялдар экен. Ошондуктан бул мыйзамды эртерээк кабыл алып, анын аткарылышын талап кылышыбыз керек", - деди Талиева.

Отурумда сот системасында да гендердик теңчилик сакталбай жатканы айтылды.

Депутат Кубанычбек Самаков сот системасында кызматкердин аял же эркектигине эмес, билимине маани берүү зарылдыгын белгилеп, мында гендердик теңчиликти талап кылуунун кереги барбы деген суроо койду. Ага жооп кылган Талиева сот системасындагы гендердик теңчилик боюнча мурдагы мыйзамдарда да жазылганын билдирди.

Сотторду тандоо кеңешинин төрагасы Айбек Молдакуновдун депутаттарга маалымдаганына караганда, учурда Жогорку сотто иштеген аялдар 36% түзсө, эркектер 58%. Конституциялык сотто аялдар 37%, эркектер 57%, ал эми жергиликтүү соттордун 63% эркектер түзсө, 36% аялдар.

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу комитети жыйынтыгында “Гендердик теңчилик боюнча мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун 2-окууда кабыл алды.

Кыргызстанда аялдардын бийликтеги орду, мамлекеттик жетекчилик кызматтардагы жетишсиздиги тууралуу маселе эгемендик алгандан бери улам көтөрүлүп келип, 2009-жылы өлкө гендер теңдиги жөнүндө мыйзам кабыл алган. Анда бир жыныстагы кызматкерлердин саны жалпы жамааттын 30 пайызынан кем болбошу керек деп жазылган. Бирок коомчулукта бул талап көбүнчө эмгек акысы аз төлөнгөн, социалдык кызматтарда эле сакталып келе жатканына дооматтар бар.

Жогорку Кеңеште да айым депутаттардын аздыгы боюнча көп жылдан бери талкууланып, өткөн парламенттик шайлоодо аялдар үчүн туруктуу квота киргизилген. Учурда Жогорку Кеңештеги 87 депутаттын 29у же 30% айымдар.(ZKo)


Шерине

XS
SM
MD
LG