“Орун жок”. Орусияда мектеп албай койгон мигрант балдар
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Орусияда миграциялык мыйзамдардын катаалдашы кыргызстандык эмгек мигранттарынын турмушуна олуттуу сокку урду. Айрыкча мигранттардын балдарын мектепке кабыл алууда киргизилген жаңы талаптар миңдеген үй-бүлөлөрдү тагдыр чечкен тандоого түрттү. Айрымдар балдарын Орусияда окута албай калса, кээ бири айласыздан өлкөдөн чыгып кетүүдө. “Азаттык” Орусиядагы басым-кысым шартында балдарын алыстан сагынып жашаган энелердин, мектепке бара албай калган өспүрүмдөрдүн жана мекенине кайтууга аргасыз болгон мигранттардын тагдырын баяндайт.