Барселонага жакын жерде поезд кырсыктап, бир адам көз жумду

Куткаруучулар жана өрт өчүрүүчүлөр кырсык болгон жерде иштеп жатышат. Испания. 21-январь, 2026-жыл.

Испаниянын Каталония аймагында 20-январдын кечинде жүргүнчү ташыган поезд кырсыктап, бир адам (машинист) каза болду. Дагы 37 киши жаракат алганын El País басылмасы жазды.

Кырсык Сант-Садурни-д’Анойя жана Желида станцияларынын ортосунда, Барселонадан 50 чакырым аралыкта болгон. Басылманын маалыматына ылайык, поезд рельстерге кулап түшкөн таяныч дубалга урунган. Кырсык тууралуу алгачкы маалымат чукул жардам кызматына саат 21:02де түщкөн.

Жаракат алгандардын ичинен беш адамдын абалы оор, алты киши орто оор абалда, 26 адам жеңил жаракат алышкан. Жабыркагандардын көпчүлүгү негизги соккуга кабылган биринчи вагондо баратканы айтылууда.

Кырсык болгон тилкеде поезддердин каттамы токтотулду, ал "инфратүзүмдү текшерүү аяктаганча" жанданбасы белгилүү болду.

Adif компаниясы таяныч дубал акыркы күндөрү аймакта нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен кулашы ыктымалдыгын билдирди.

Бул ушул аптада Испанияда катталган экинчи поезд кырсыгы. 18-январда өлкө түштүгүндө, Андалусия аймагындагы Адамус шаарынан алыс эмес жерде эки ыкчам поезд кагылышып, 39 адам мерт кеткен. 73 адам жаракат алган.

Дагы караңыз

Депутат реформадан кийин 50 миңдей адамды он чакты кызматкер тейлеп жатканын айттыКазак парламенти Курултай аталат: Токаевдин талкуу жараткан сунушуМайыптыгы барлардын жана аларды караган ассистенттердин акчасын көбөйтүү маселеси коюлдуТрамптын учагы техникалык себептен улам базага кайтууга мажбур болгону кабарландыКыргыз тили жөнүндө мыскыл видео чыгарган блогерлер милицияга жеткирилип, кечирим сурады