Аба ырайы: көпчүлүк аймактарда кар жаайт

Шашылыш билдирүү: 21-январга чейинки жаан-чачынга жана шамалдын күчөшүнө байланыштуу, Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашуу, Ала-Бел ашууларында, Чычкан капчыгайында, Ала-Бука-Каныш-Кыя жолундагы Чапчыма ашуусунда, Красная-Горка-Ак-Таш, Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу жолдорунда, Каракол-Эңилчек жолундагы Чоң-Ашуу, Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад жолундагы Көк-Арт ашуусунда кар көчкү түшүп, кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык чектелиши зарыл.

22-январда түнкүсүн Талас, Баткен облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Күндүз Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Айрым жерлерде туман түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -6…-11, күндүз -3…+2;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -5…-10, күндүз -2…+3;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…-5, күндүз -1…+4;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…5;

Нарын облусунда түнкусун -16…-21, күндүз -2…-7.

Бишкек шаарында түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында жаан-чачын жок, күндүн экинчи жарымында кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -6…-8° суук, күндүз 0…2° жылуу болот.

Дагы караңыз

Мияровго карата көп аялдуулукка байланыштуу козголгон иш сотто каралууда Министр окуучуну чапкан мугалим балдарга дайыма кол көтөрүп жүргөнүн айттыБишкекте вебкам уюштурууга шектүү бир нече адам кармалдыКиевде миңдеген үй жарыксыз калдыНурай артынан түшкөн кишинин колунан каза тапты