Нурай артынан түшкөн кишинин колунан каза тапты
21 жаштагы Нурай Серикбай 11-январда Чымкент шаарында киши колдуу болгон. Тергөөнүн маалыматында, анын өлүмүнө шектүү 28 жаштагы Шерхан Аймахан көптөн бери кыздын артынан аңдып жүргөн. Ал Нурайга бир нече жолу бычак сайган. Кыз алган жаракатынан набыт болгон. Аймахан кармалып, ага "киши өлтүрүү" боюнча кылмыш иши козголду. Кыздын өлүмүнөн кийин казак коомунда талкуу күчөдү. Чымкент полициясынын кызматкерлеринин иш-аракеттерин текшерүү башталды. 2025-жылдын күз айларынан баштап Казакстанда сталкинг (артынан түшүп аңдуу) жана никеге мажбурлоо үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган. Бирок көп казакстандыктар бул мыйзам иштебейт деп эсептешет. Сталкинг маселеси боюнча мыйзам кабыл алынгандан бери үч гана кылмыш иши козголгон.
Шерине