Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын өкүлдөрү Уфада борбор азиялык жаранды кармоо учурунда атып салды. Атайын кызматтын маалыматында, ал "теракттарды ишке ашырууга, анын ичинде Уфанын полиция бөлүмүнө кол салууга даярданган".
Мекеме тараткан билдирүүдө өлгөн киши "террордук уюмдардын биринин түйүнүн башчысы" деп жазылган, бирок кайсы уюм экени так көрсөтүлгөн эмес. Маркум "кызматкерлерге куралдуу каршылык көрсөткөндө жок кылынганы, Борбор Азия мамлекеттеринен чыккан дагы бир жаран, террордук уюмдун мүчөсү кармалганы" кошумчаланган.
UFA1.RU ал көчөдө кармалганын, Уфанын полиция бөлүмүнө кол салуу даярдалып жатканын "моюнга алды" деп жазды. Алардын Борбор Азиянын кайсы өлкөсүнүн жараны экени такталган эмес.
Ушуну менен экинчи күн катар Федералдык коопсуздук кызматы кармоо учурунда өлтүрүү болгонун кабарлап жатат.
20-январда былтыр ишке ашпай калган терактты уюштурууну көздөгөн деген шек менен Кисловодскинин жашоочусу кармоо маалында өлтүрүлгөнүн кабарлаган.
"Важные истории" долбоорунун эсебинде, коопсуздук кызматкерлери Орусиянын Украинага каршы толук масштабдуу согушу башталган 2022-жылдын февралынан бери кармоо учурунда кеминде 77 кишини атып салган.
Атайын кызмат анын "30у Украинанын тапшырмасы менен теракт даярдашкан, 27си көп өлкөдө тыюу салынган "Ислам мамлекети" экстремисттик уюму менен байланышта болгон" деген түшүндүрмө берген. Кеминде төрт киши Украинанын Запорожье облусунун Орусия көзөмөлдөгөн бөлүгүндө өлтүрүлгөн, аннексияланган Крымда да коопсуздук кызматы шектүүлөрдү атып салышканы маалымдалган.