Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:43

АКШ Кариб деңизинде Венесуэладан мунай тарткан жетинчи танкерди кармады


Американын деңиз күзөт кызматынын өкүлү быйыл 7-январда кармалган Bella танкерин карап жатат.
Американын деңиз күзөт кызматынын өкүлү быйыл 7-январда кармалган Bella танкерин карап жатат.

Америкалык аскерлер 20-январда Венесуэланын жээктерине жакын жерде дагы бир танкер кармалганын жарыялады.

Венесуэланын мунайын жүктөгөн Sagitta танкери былтыр декабрдан бери санкцияларды бузган деген негизде атайын операциялардын алкагында америкалык күчтөр кармаган жетинчи танкер.

Кошмо Штаттардын Куралдуу күчтөрүнүн Түштүк командачылыгы билдиргендей, "президент Трамптын санкцияга туш болгон кемелерге карата киргизген карантин режимин бузган кезектеги танкердин кармалышы Американын Венесуэладан мунай координацияланган тартипте жана мыйзамдуу ташылышы керек деген бекем позициясын көрсөтөт".

Associated Press агенттиги Sagitta Либериянын желеги алдында жүргөнүн, анын компаниясы Гонконгдо катталган компания экенин жазды.

Ага 2022-жылы Орусия Украинага негизсиз басып киргенден кийин АКШ санкция салган. Танкердин кай жерде экенин аныктаган жабдык өчүрүлгөн. Акыркы жолу ал эки ай мурда, кеме Балтия деңизинин аймагынан чыкканда иштетилген.

АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы конфискацияланган мунайды сатуудан түшкөн пайда Венесуэланын мунай тармагын калыбына келтирүүгө жумшаларын бир нече жолу жарыялаган.

Трамп шейшембиде АКШ Венесуэла мунайынын 50 миллион баррелин алганын, ал дүйнөлүк базарда сатылып, "нефти баасынын арзандашына көмөктөшүп" жатканын айтты.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG