Молдогазиев Монголияга, Артыкбаев АКШга элчи болот

Президент Садыр Жапаров

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Айбек Артыкбаев өлкөнүн Монголиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлык президенттин сайтына 21-январда жарыяланды.

Ушул эле күнү президенттин дагы бир жарлыгынын негизинде Айбек Молдогазиев Кыргызстандын АКШдагы элчиси кызматынан бошотулуп, Монголиядагы элчи болуп дайындалды.

50 жаштагы Айбек Артыкбаев Монголияга элчи болуп 2023-жылдын июлунда дайындалган. Ага чейин тышкы иштер министринин орун басары болуп иштеген.

Ал эми Айбек Молдогазиев 52 жашта, Кыргызстандын АКШдагы элчиси болуп 2024-жылдын декабрынан тартып кызматка киришкен. Ал да бул кызматка дайындалганга чейин тышкы иштер министрине орун басар болгон.

Дагы караңыз

Сирия: Аш-Шараанын күрддөрдү толук баш ийдирүү аракети Ашканадан генералдыкка чейинки жол. Сыймык Жапыкеев ким? Трамптын талабы. Европа Гренландияны коргой алабы?