Жогорку Кеңеш 22-январдагы жыйынында “Гендердик теңчилик маселелери боюнча мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун карап, экинчи окууда кабыл алды.
Мыйзамды 40тай депутат демилгелеген. Анын алкагында “Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши жөнүндө”, “Жогорку сот жана жергиликтүү соттор жөнүндө, “Министрлер кабинети жөнүндө” конституциялык мыйзамдарына жана башка мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилет.
Документ тиешелүү мамлекеттик органдардагы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы жетекчилик кызмат орундарга гендердик өкүлчүлүктү камсыз кылууну карайт. Анда бир жыныстагы адамдар 70% ашпаган деӊгээлде болушу керек.
Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу комитети 20-январдагы отурумунда “Гендердик теңчилик боюнча мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун экинчи окууда карап, жактырган.
Отурумда баяндама жасаган депутат, мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири Камила Талиева Кыргызстан Гендердик теңчилик боюнча эл аралык конвенцияга кошулганы менен иш жүзүндө милдетин аткарбай жатат деп сындаган. Ал ушул тапта Министрлер кабинетине караштуу 22 министрдин бирөө гана аял, калганы эркек экенин айткан.
Ал күнкү отурумда сот системасында да гендердик теңчилик сакталбай жатканы айтылган. Депутат Кубанычбек Самаков сот системасында кызматкердин аял же эркектигине эмес, билимине маани берүү зарылдыгын белгилеп, мында гендердик теңчиликти талап кылуунун кереги барбы деген суроо койгон. Ага жооп кылган Талиева сот системасындагы гендердик теңчилик боюнча мурдагы мыйзамдарда да жазылганын билдирген.
Сотторду тандоо кеңешинин төрагасы Айбек Молдакуновдун депутаттарга маалымдаганына караганда, учурда Жогорку сотто иштеген аялдар 36% түзсө, эркектер 58%. Конституциялык сотто аялдар 37%, эркектер 57%, ал эми жергиликтүү соттордун 63% эркектер түзсө, 36% аялдар.
Кыргызстанда аялдардын бийликтеги орду, мамлекеттик жетекчилик кызматтардагы жетишсиздиги тууралуу маселе эгемендик алгандан бери улам көтөрүлүп келип, 2009-жылы өлкө гендер теңдиги жөнүндө мыйзам кабыл алган. Анда бир жыныстагы кызматкерлердин саны жалпы жамааттын 30 пайызынан кем болбошу керек деп жазылган. Бирок коомчулукта бул талап көбүнчө эмгек акысы аз төлөнгөн, социалдык кызматтарда эле сакталып келе жатканына дооматтар бар.
Жогорку Кеңеште да айым депутаттардын аздыгы көп жылдан бери талкууланып, өткөн парламенттик шайлоодо аялдар үчүн туруктуу квота киргизилген. Учурда Жогорку Кеңештеги 87 депутаттын 29у же 30% айымдар. (ErN)