Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:04

Бишкекте энесин сабаган деген шек менен 48 жаштагы жаран кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарынын 68 жаштагы тургуну милицияга кайрылып, уулу дайыма сабап келгенин айтып даттанды. Анын сөзүнө караганда, 48 жаштагы уулу ичип алып, кол көтөрүп жүргөн.

Милиция жабырлануучуга соттук-медициналык экспертиза дайындап, Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси ("Уруп-сабап кыйноо") менен кылмыш ишин козгогон.

Жабырлануучунун уулу Ш. А. кармалып, милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө уланып жатат.

Жаран энесине кол көтөрүп же аны өлтүрүүгө аракеттенген деген шек менен кармалган учур январь айында эле эки жолу катталып отурат. 12-январь күнү Жайыл районунун Полтавка айылынын 45 жаштагы тургуну энесин өлтүрүүгө аракеттенген деген шек менен кармалып, камакка алынган.

Кыргызстанда 2025-жылдын 11 айында (январь айынан ноябрь чейин) ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо электрондук журналына 19 миң 995 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2024-жылдын алгачкы 11 айына салыштырганда (2024-жыл 15 миң 675 факты катталган) 27,5% же 4320 фактыга көп. (ZKo)


Шерине

 

XS
SM
MD
LG