Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:03

Трамп Европа үчүн жаңы тарифтик төлөмдөр азырынча кирбей турганын айтты


Президент Трамп Давосто. Швейцария. 21-январь, 2026-жыл.
Президент Трамп Давосто. Швейцария. 21-январь, 2026-жыл.

АКШ президенти Дональд Трамп Гренландияны АКШ кошуп алуусуна каршы чыккан европалык өлкөлөргө мурда убада кылган жаңы тарифтик төлөмдөр азырынча киргизилбей турганын билдирди. Ал бул тууралуу 21-январда Швейцариянын Давос шаарында өтүп жаткан форумда билдирип, азырынча бул чечимди ишке ашырууну кийинкиге калтырганын айтты.

Трамптын бул сөзү анын НАТОнун башкы катчысы Марк Рютте менен жолугушуусунан кийин айтылды. Бул тууралуу АКШ президенти өзүнүн соцтармактардагы баракчаларына да жазды.

"НАТОнун башкы катчысы Марк Рютте менен аябай жемиштүү жолугушуунун негизинде биз Гренландия, негизинен жалпы Арктика аймагы боюнча болочок келишимдин өзөгүн түзүп алдык. Бул чечим эгер ишке ашса АКШ үчүн да, НАТОго мүчө өлкөлөр үчүн да аябай жакшы болот. Ошол үчүн мен 1-февралдан тартып күчүнө кирүүчү жаңы тарифтик төлөмдөрдү киргизбейм. Учурда АКШнын Гренландия контекстиндеги абадан коргонуучу "Алтын купол" долбоору тууралуу кошумча талкуу жүрүп жатат, бардык маалыматтар сүйлөшүүлөргө карата ачыкталат", - деп жазды АКШ президенти.

Президент Трамп НАТОнун башкы катчысы менен жолугушуу жөнүндө башка эч кандай маалымат чыгарган жок. Бирок журналисттерге: "Бул узак мөөнөттүү келишим. Бул бардык келишимдердин эң узак мөөнөттүүсү. Ал түбөлүк иштейт. Убакыт чектөөсү жок. Биротоло", - деп айтты.

17-январда Трамп Дания, Норвегия, Швеция, Франция, Германия, Улуу Британия, Нидерланд жана Финляндия өлкөлөрүнөн АКШга сатык максатында ташылып кирүүчү товарлардын баары үчүн 10 пайыздык тариф төлөө талап кылынарын, 1-июндан тартып 25 пайыз болорун жарыялаган. АКШ президенти мындай талап "Гренландияны бүтүн жана толук сатып алуу келишими жетишилгенге чейин" күчүндө болорун эскерткен. (ZKo)


Шерине

 

XS
SM
MD
LG