Орусияда дрон чабуулунан мунай терминалы өрттөнүп, бир нече адам мерт кеткени кабарланды

Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Краснодар крайынын губернатору Вениамин Кондратьев 21-январдын кечинде украин армиясынын дрон чабуулунан улам порт терминалдарында өрт чыкканын билдирди. Анын сөзүнө караганда, чабуулдан улам аймактын Темрюк районундагы Волна поселогунда жайгашкан порттогу мунай сакталган төрт кампа өрттөнгөн.

Орусиялык Телеграм-каналдар үч жумушчу набыт болгонун, кеминде 11 адам жаракат алганын жазды.

Украин Куралдуу күчтөрү Краснодар крайындагы портторго жасалган чабуул боюнча маалымдаган жок.

Маалыматтарды согуш учурунда көз карандысыз булактардан тактоо мүмкүн эмес.

Украина Орусиянын толук масштабдуу агрессиясына каршы 2022-жылдын февралынан бери күрөшүп келе жатат. Согушту сүйлөшүү жолу менен токтотуу аракетинен майнап чыкпагандыктан Киев Орусиянын аскердик мүмкүнчүлүгүн алсыратуу максатында анын мунай жана аскердик-техникалык ишканаларын бутага алууга мажбур экенин айтып келүүдө.

Дагы караңыз

Бишкекте энесин сабаган деген шек менен 48 жаштагы жаран кармалды"Төлөөгө чамасы жоктор да алып жатат". Өкмөттүн той-ашка насыя алууну токтотуу сунушуЖогорку Кеңеш гендердик теңчилик жөнүндө мыйзам долбоорун экинчи окууда колдодуӨзгөндө эки айлык ымыркай кыймадан кийин чарчап калганы кабарландыПутин " Тынчтык кеңешине" кирүүгө камактагы активдерден 1 млрд доллар төлөөгө даярдыгын билдирди